Учурда Лос-Анжелес шаарында "Алтын глобус-2017" сыйлыгынын 74-аземи өтүп жатат. Азем Голливуддагы белгилүү жылдыздардын кызыл килемден өтүүсү менен башталган. Анда кинематография жана телевидение жаатында жыл ичинде кылган эмгектери үчүн бир нече инсандардын сыйлык алуусу күтүлүп жатат. Белгилүү актёр-актрисалар Моника Беллуччи, Сара Жессика Паркер, Хайди Клум, Николь Кидман, Райан Рейнольдс, Сильвестр Сталлоне жана башкалар аземге көрк кошууда.
Белгилей кетсек, "Алтын глобус" - Чет элдик маалымат кызматынын голливуддук ассоциациясы тарабынан 1944-жылдан тарта берилип келген сыйлык.