ЖЫЛНААМА, 9-ЯНВАРЬ: Мукам үндүү бельгиялык ырчы Лара Фабиан 47 жашка толду

Бельгиялык ырчы, композитор, актриса Лара Фабиан 47 жашка толду. Ал 1970-жылы Бельгиянын Эттерберк шаарында туулган. "Мен сени сүйөм" ("Je T’aime") жана "Адажио" ("Adagio") деген хит ырлардын аткаруучусунун чыныгы фамилиясы - Крокарт. Ырчынын апасы италиялык, атасы бельгиялык болгон. Лара 5 жашка чыкканга чейин Сицилияда жашап, кийин Бельгияга көчүп келишкен. Учурда Канаданын жараны.

Фабиан бала кезинен эле ырчы болууну кыялданып, музыка, бий ийримдерине катышып келген. 14 жашынан атасынын гитарада ойноосу алдында клубдарда ырдап, андан соң европалык музыкалык сынактарга катыша баштайт. Ырчы катышкан сынактардын эң эле абройлуусу "Евровидение" сынагы болгон. 1988-жылы "Евровидение" сынагына Люксембургдун атынан катышып, 4-орунду алган. 1991-жылы Ларанын "Lara Fabian" деп аталган алгачкы ыр жыйнагы жарыкка чыккан. Ал 1999-жылы биринчи жолу Монакодо MTV`нин музыкалык сыйлыгын тапшыруу аземине катышып, "Бенилюкс өлкөлөрүнүн мыкты артисти" деген наамды алган. Көп өтпөй хиттеринин бири - "Je T’aime" ырын ырдап чыгат. Аталган чыгарманы ырчы созгондо көрүүчүлөр 20 мүнөттөй тынымсыз кол чабышканын Лара көзүнө жаш алуу менен эскерген. Европа менен Канадада популярдуу Лара Америка континентин багындыруу максатында "Adagio" деп аталган ыр жыйнагын чыгарат. Француз тилдүү канадалык ырчыны америкалыктар дайыма ырчы Селин Дионго атаандаш катары карашкан.
Фабиан биринчи жолу Орусияга 2004-жылы гастролдоп келип, ошондон бери жыл сайын бул мамлекетке келүүнү адат кылып алган. Ырчы, композитор Игорь Крутой менен жакын достордон. Лара үчүн Игорь атайын француз тилин үйрөнүп, экөө Юрмаладагы "Жаңы толкун" сынагында француз тилинде дуэт ырдашкан. Ырчынын акыркы ыр жыйнагы "Ma vie dans la tienne" деген ат менен 2015-жылы жарык көргөн.
Лара Фабиандын алгачкы сүйүү мамилеси продюсери Рик Аллисон менен болгон. Экөө 6 жыл чогуу жашап, мамилесин үзүшкөн. Мындан кийин Лара Фабиан продюсер Уолтер Афанасьефф, ырчы Патрик Фьори жана гитарист Жан-Феликс Лаллан менен кыска сүйүү романдарын башынан өткөргөн деген кептер айтылган. 2005-жылдан 2012-жылга чейин телережиссёр Жерар Пулличино менен жарандык никеге туруп, 2007-жылы Лу аттуу кыздуу болушкан. Көп өтпөй экөөнүн ортосундагы мамиле бузулуп, 2013-жылы 28-июнда ырчы социалдык тармактагы баракчасына сицилиялык иллюзионист Габриэль Ди Жоржиого турмушка чыкканын билдирген.

9-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан