Бүгүн, 9-январда ырчы Гүлжигит Сатыбеков 37 жашка толду. Туулган күнү менен куттуктап байланышсак, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, учурда Орусияда кайрымдуулук концертин берип жүргөндүгүн айтты.
"Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып мени куттуктап жаткан бардык күйөрмандарыма рахматымды айтам. Бар болуңуздар! Айылдан ата-энем телефон чалып куттуктап, үйгө күйөрмандарым мага белектерди алып барып жатышканын айтты, ыраазымын. Учурда Санкт-Петербург шаарындамын. 5-январда кайрымдуулук концерт өткөрүү үчүн Москвага келгем. Өздүк майрамымды досторум менен өткөрөйүн деп жатам", - деди Сатыбеков.
Ырчы 1980-жылы 9-январда Ош шаарында төрөлүп, Жалал-Абад облусундагы Аксы районуна караштуу Мукур айылында чоңойгон. Репертуарындагы ырлары - “Коштошуу”, “Ошко сапар”, “Балама”, "Лейлектик кызга" жана башкалар. 2013-жылы Гүлжигит Сатыбековдун "Мен сенден кетейинчи" аттуу ыры "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Жылдын супер ыры" деп табылган. Учурда Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун музыка бөлүмүндө бүтүрүүчү курста билим алып жатат.
9-январга карата жылнаама.