Англиялык "Манчестер Юнайтед" футболдук клубунун чабуулчусу Уэйн Руни Англия Кубогунда "Редингдин" дарбазасына 1 гол киргизди. Футболчу "Манчестер Юнайтеддин" курамында 249-голун жаратты. Бул клуб тарыхындагы рекорддук көрсөткүч болуп эсептелинет.
Маалым болгондой, бул көрсөткүч менен "Шрек" атка конгон Руни атактуу Бобби Чарльтондун рекордун кайталады. Чарльтон 249 голду 758 оюнда киргизсе, Руни 543 оюнда киргизе алды.