МЕДИА-ПОРТАЛ: "Мирбек Атабековдун "Энекем, ай" клибинде адам улгайса да энеси үчүн бала бойдон каларын көрсөттүк" дейт продюсер

"Бейиш эненин таманынын астында" дегендей, энелер бар болгондуктан дүйнө кооз, баары түгөлдөй сезилет эмеспи. Жакында эле энелерди даңктаган чыгармалардын бирин белгилүү ырчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков ырдап чыкты. Чыгарма 9-февралдан тарта көрсөтүлө турган "Апамды издеп" ("В поисках мамы") тасмасына саундтрек катары жазылып, клип да тартылган. Клипти тартуу процесси жөнүндө жогоруда аталган тасманын продюсери Нурбек Айбашов буларга токтолду:

"Ырдын темасы айтып тургандай эле анда энеге болгон кусалык, сүйүү, ага болгон муктаждыкты көрсөтөлү дегенбиз. Кыргызда сөз бар эмеспи, "энеси бар адам картайбайт" деген. Андыктан клиптин эң негизги мааниси - адам канча жашка чыкпасын, жадакалса улгайган учурда дагы энеси үчүн бала бойдон каларын, энеге муктаж экенибизди көрсөтөлү дегенбиз. Ушул эле ой, идея "Апамды издеп" тасмасынын негизги өзөгүн түзөт десек болот. Андыктан ушул идеянын негизинде клип тарттык".

Ошондой эле клипте каармандардын ырдап жатканы тасмага тиешеси жок экенин, кичинекей актёр Азамат Уланов ойногон кадрлар тасмадан алынганын кошумчалады.

Мирбек Атабековдун "Энекем, ай" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gulzar_gulu
2017-01-09 14:12:04
Апакемди эстеп ыйлагым келди, ушул клипти көрүп. Ийгилик!
0
Tunerbei1812
2017-01-09 14:14:54
Азаматтар, изденуу бар. Туболук актуалдуу теманы тапкансынар. Ийгилик.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан