ЖЫЛНААМА, 9-ЯНВАРЬ: "Туулган күнүмдө курбум кафеге чакырып, белек берди" дейт Сакиш атка конгон куудул, актриса Айнура Турганбаева

Бүгүн, 9-январда Сакиш атка конгон куудул, актриса Айнура Турганбаева 49 жашын белгилеп жатат. Өздүк майрамы менен куттуктап ага чалсак, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, туулган күнү жакшы маанайда башталганын айтты.

"Туулган күнүмдү биринчилерден болуп курбум кафелердин бирине чакырып куттуктап, белек берди. Азыр болсо учурда тартылып жаткан "Шаардык келин шарапат-2" тасмасына катышууга даярдык көрүп жатам", - деди куудул.

Куудул, актриса 1968-жылы 9-январда Аламүдүн районунун Стрельникова айылында төрөлгөн. Мектепти бүтөрү менен Кыргыз драма театрынын алдындагы эки жылдык студияга тапшырган. Аны аяктаган соң Жаштар театрында иштеп калган. Сакиш деп аталып калышына "Кимдин баласы?" деген спектаклдеги ролу себеп болгон. Анда актёр, куудул Марат Жанталиев экөө жубайлардын ролун ойношкон: күйөөсүнүн аты Бопуш, аялынын аты Сакиш болгон. Ошондон кийин көпчүлүк аларды Сакиш, Бопуш катары таанып калышкан.

9-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Aiturgan.95
2017-01-09 15:56:21
Аябай таланттуу эже. Чыгармачылык ийгилик каалайм.
0
nargis
2017-01-09 16:18:44
Мен да куттуктайм ,талантынызга таазим ,ишинизге ийгилик.
0
Tunerbei1812
2017-01-09 16:22:30
Ден соолук, ийгилик каалайм. Бир эле сураныч суйлогондо кичине маданияттуурак болсонуз. кантсе да эле козундогу адамсыз.
-5
December24
2017-01-09 16:40:55
Туулган кунуз менен!
0
meni_kut
2017-01-09 16:44:24
корсом эле конулум которулот ушу Эжени.Супсулуу болуп кетипсиз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан