Эл аралык Футбол федерациясы Дүйнө чемпиондугунун форматын өзгөртөт. 2026-жылдан тарта Дүйнө чемпиондугунун финалдык баскычына 32 эмес, 48 команда катыша баштайт.
Бул тууралуу расмий маалымат жакын арада таратылмакчы. Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, финалдык баскычта командалар үч-үчтөн 16 тайпага бөлүштүрүлөт. Плей-офф баскычына 24 команда чыкмакчы.
Европа континентинен мелдешке 16 кураманы катыштыруу пландалууда. Ал эми Африка континентинен 10, Азиядан 8, Түштүк Америкадан 6, Түндүк Америкадан 6 команда, Океаниядан 1 команда катышат.