9-январда Швейцариянын Цюрих шаарында Эл аралык Футбол федерациясынын (ФИФА) жыл мыктыларын аныктоого багытталган салтанаттуу иш-чарасы өттү. Бул күнү "Мыкты футболчу", "Мыкты машыктыруучу", Пушкаш атындагы "Мыкты гол" жана "Мыкты күйөрмандар" сыйлыгы боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.
"The best" же болбосо "Мыкты" деп аталган иш-чарада башкы сыйлыкка Криштиану Роналду, Антуан Гризманн (төмөнкү сүрөттө) жана Лионель Мессинин талапкерлиги көрсөтүлгөн. Жеңүүчү улуттук курама командалардын машыктыруучуларынын, капитандарынын, журналисттердин жана күйөрмандардын добушунун негизинде аныкталды.
"France Football" басылмасы менен түзүлгөн келишим аяктагандыктан, ФИФА сыйлыкты өз алдынча тапшырууда. Аталган басылма буга чейин Криштиану Роналдуну "Мыкты футболчу" деп атап, "Алтын топ" сыйлыгын тапшырган. Роналду бул жылы Португалиянын курамында "Европа чемпиону" аталып, "Реалдын" курамында Чемпиондор Лигасын утту.
Ал эми "Мыкты машыктыруучу" наамына "Лестер" менен Англия Премьер-лигасын уткан Клаудио Раньери, Португалия курамасы менен "Европа чемпиону" аталган Фернанду Сантуш жана "Реал" менен Чемпиондор Лигасын уткан Зинедин Зидан талапкер.
Иш-чарада алгач жылдын символикалык курамасы жарыяланды. Анда өз амплуасында мыкты делген 11 футболчунун аты аталды. Курамга мадриддик "Реалдын" 5 оюнчусу, каталондук "Барселонанын" 4 оюнчусу жана мюнхендик "Бавария" менен туриндик "Ювентустун" бирден оюнчусу кирди.
Дарбазачы: Мануэль Нойер ("Бавария").
Коргоочулар: Дани Алвес ("Ювентус"), Херард Пике ("Барселона"), Серхио Рамос, Марсело (экөө тең "Реал").
Жарым коргоочулар: Лука Модрич, Тони Кроос (экөө тең "Реал"), Андрес Иньеста ("Барселона").
Чабуулчулар: Лионель Месси, Луис Суарес (экөө тең "Барселона"), Криштиану Роналду ("Реал").
Быйыл гана негизделген "Мыкты күйөрмандар" наамы боюнча "Ливерпуль" жана дортмунддук "Боруссиянын" күйөрмандары жеңүүчү аталышты. Бул командалар өз ара беттешкенде күйөрмандар "Хиллсбро" трагедиясын эскерип, ырдашкан. 1989-жылы "Нотингем Форест"-"Ливерпуль" беттешинде орун алган кырсыкта "Ливерпулдун" 96 күйөрманы көз жумганы белгилүү.
Күйөрмандар кыймылынын өкүлдөрүнө сыйлыкты шыргый менен секирүү боюнча 2 жолку Олимпиада чемпиону, орусиялык спортчу Елена Исинбаева тапшырды.
Ал эми "Мыкты машыктыруучу" наамы "Лестердин" машыктыруучусу Клаудио Раньериге тапшырылды. Албетте, Зинедин Зидан жана Фернанду Сантуш да бул сыйлыкка татыктуу болчу. Бирок көпчүлүк Раньеринин өтө күчтүү эмес курам менен Англия Премьер-лигасын утканын эске алганы байкалып турат. "Албетте, чемпиондук таң каларлык болду. Футболдун кудайы "Чемпиондукту "Лестер" утсун!" деген буйрук берди, биз жеңишке жетиштик", - деп тамашалады ал сыйлык алып жатып.
Сыйлыкты ага легендарлуу аргентиналык футболчу Диего Марадона тапшырды.
Күндүн негизги окуясы "Мыкты футболчу" наамын тапшыруу аземи болду. 2016-жылы дээрлик бардык ири мелдештердин кубогун чогулткан Криштиану Роналду сыйлык ээси болду. Ага "Алтын топ" эмес, ФИФА тарабынан даярдалган атайын сыйлык тапшырылды. Сыйлыкты ФИФАнын президенти Жанни Инфантино тапшырды.
Сыйлыкка талапкерлерден иш-чарага Антуан Гризманн келди. Ал эми Испания Кубогунун алкагында "Атлетик" клубуна каршы оюнга даярданып жаткан "Барселонанын" оюнчусу Лионель Месси келген эмес.
2009-жылдан тарта мыкты гол ээсине ыйгарылып келген Ференц Пушкаш атындагы "Мыкты гол" наамы малайзиялык "Пулау Пинанг" клубунун оюнчусу Фаиз Субриге ыйгарылды. Ал ийгилик алып келген голун "Паханг" командасынын дарбазасына киргизген.
Бул сыйлык буга чейин Криштиану Роналду, Хамит Алтынтоп, Неймар, Мирослав Стох, Златан Ибрагимович, Хамес Родригес жана Венделл Лира өңдүү футболчуларга ыйгарылып келген.