Орусиянын Сочи шаарында 10-январдан 23-январга чейин "КиВиН-2017" 28-Эл аралык фестивалы өтөт. Ага Кыргыз өлкөсүнөн КВНдин "Ала-Тоо" аймактык лигасынын финалдык беттешинде жеңишке жеткен "Позитифф" командасы катышмакчы. Ошондой эле КВНдин Жогорку Лигасында чемпион аталган "Азия МIX" командасы конок катары оюн көрсөтмөкчү. Учурда командалар аталган шаарга жетип, даярданышууда. Бул тууралуу SUPER.KG'ге "Позитифф" командасынын оюнчусу Актан Рыскелдиев билдирди.
"Айта кетчү нерсе, ал жакта 1, 2 же 3-орун, баш байге деген жок. Фестивалда 600дөн ашык команданы 10дон ашык редакторлор көрүшүп, ар кайсы лигаларга тандашат. Жогорку Лига, Премьер-Лига, Биринчи Лига деген сыяктуу. Жакшы лигага өтүп каларбыз деп жакшы ниет коюп жатабыз", - дейт
А.Рыскелдиев.
Ал Сочи шаарында команданын жигиттерин "Азия Микстин" оюнчулары тосуп алышканын, аталган команда фестивалда чемпион катары оюн көрсөтөрүн кошумчалай кетти.
Фестивалга катышкан 640 команданын ичинде Орусия, Армения, Улуу Британия, Германия, Беларусь, Грузия, Эстония, Казакстан, Тажикстан, Украина, Абхазия сыяктуу бир топ мамлекеттер жана Кыргыз Республикасынан барган оюнчулар бар.