Аргентинада футболчу Лионель Мессиге тургузулган эстелик белгисиз бирөөлөр тарабынан талкаланды

Аргентинанын борбору Буэнос-Айрес шаарында футболчу Лионель Мессиге тургузулган эстелик талкаланды. Бул тууралуу аргентиналык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, эстелик так ортосунан экиге бөлүнүп, ылдыйкы бөлүгү гана калган.

Эстелик жарым жыл мурун тургузулган. Шаар бийлиги аны калыбына келтирүү аракети көрүлүп жатканын жар салды. Футболчуну аргентиналык күйөрмандар улуттук курам үчүн жетиштүү деңгээлде жакшы ойнобой жатат деп сындап келишет.

Иорданиялык сүрөтчү жана аниматор Омар Момани бул окуя боюнча карикатура жаратты. Анда кечээ, 9-январда Эл аралык Футбол федерациясы тарабынан дүйнөнүн мыкты футболчусу болуп табылган Криштиану Роналдунун талкаланган эстеликтин жанында сүрөткө түшүп жатканын көрүүгө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
akil.91
2017-01-10 13:56:53
Коралбастык
-12
Kakaly
2017-01-10 14:08:08
Ronaldo кылды да. Коро албастык! Суротко тушуп жыргап алды го. Минус баса бергиле. Бул дагы коро албастык!
-18
barsa30
2017-01-10 14:43:50
Kakaly,Роналлу кылды деп ойлобойм досум бул жон кана тамаша сурот Омар Моманиден .Ал эми эстеликти уурулар же антимессилер кылса керек.өзүм Мессиге жана анын командасына күйөрманмын.
+3
asylbekova
2017-01-10 14:47:53
Карикатура деген эмне экенин билесинби озу. Жон эле Роналдуну суротко тарткандай суйлойсунда.
+6
SeN_Sulusun
2017-01-10 14:53:04
2016 жыл Барсанын фанатары учук ийгилик жаралган жок Реал бардык трофей утуп алышты
+4
berdish
2017-01-10 15:35:01
Эстелик мусулмандар үчүн арам.
+2
Seiil.94
2017-01-10 15:39:02
berdish,Месси мусулманбы ыя?
+3
UlukmanKalyev
2017-01-10 18:27:48
Seiil.94,эврей
+2
expert.007
2017-01-10 16:10:14
Жакшы кылышыптыр. Аргентинаны эки жолу уят кылды
-1
Davlatov596
2017-01-10 16:50:52
Месси жакшы ойонйт.Роналду кылышы да мумкун 50%-50%
-8
aksy.koi-tash
2017-01-10 17:02:50
Роналдо буга окшогон эстелике көңүл буруп койбойт кыргыздар бекеринен айтпайт өзүңө сак бол коңшуңду ууру тутпа деп өздөрү эле кылды начар ойноп жатат деп
+3
Nur1k
2017-01-10 18:21:36
Роналду кылды дегендер чынын айткылачы канча жаштасынар?)
+9
Dastanwanted
2017-01-10 18:22:02
Месси дүйнөнүн мыкты футболчусу алга месси алга барса
0
D.Malikov
2017-01-11 00:35:01
Força Barca
-2
ChelseaKG
2017-01-11 07:17:16
Карикатурага сөз жок. Бир каткырып алдым
0
adam.bek
2017-01-12 19:35:29
Душман алыстан келбейт да озунун эле мекендештери жасаган го.
0
altynbekimanbekov
2017-01-12 22:30:00
Ранолду дегендерге жаман кулдумда ХХХ
+1
admin_portal
2017-01-13 09:21:51
altynbekimanbekov, этика нормаларын сактаңыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан