ЖЫЛНААМА, 10-ЯНВАРЬ: Бүгүн 46 жашка толгон ырчы Лира Райымбекова туулган күнүн жакындарынын курчоосунда өткөрөт

Бүгүн, 10-январда "Үч-Теректин үч кызы" атка конгон бир тууган ырчылар Райымбековалардын бири Лира Райымбекова 46 жашка толду. Өздүк майрамы менен куттуктап ырчыга байланышка чыксак, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын айтып, туулган күнүн жакындарынын курчоосунда өткөрөрүн билдирди.

"Жаңы жылыңыздар менен! Көзүм ооруп, учурда үйдө дарыланып жатам. Туулган күнүмдү кечинде үй-бүлөм менен өткөрөм. Досторум мага кымбат баалуу зер буюмун белекке беришти",- деди ал.

Ырчы 1971-жылы 10-январда Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Өзгөрүш айылында төрөлгөн. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы эстрадалык 2 жылдык окуу жайын бүтүргөн. 1991-жылдан баштап Алымкул Үсөнбаев атындагы "Эл шайырлар" фольклордук тобунда эмгектене баштаган. Алгач "Алымкан", "Күлгүн жаш", "Жан сырым" деген ырларды аткарып эл оозуна алынган.

10-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Totyua.71.
2017-01-10 18:38:57
Менин курбум Жана классташым болот,туулган кунун кут болсун Лира досум!Ар дайым жайдары мунозундон жазба кыз баландын ыраатын кор!
0
Riokyrgyz
2017-01-10 20:31:09
Туулган кунунуз менен куттуктайм,Озгоруш айылындагы кошунаныз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан