Белгилүү түркиялык ырчы Мустафа Сандал 47 жашка толду. Ал 1970-жылы 11-январда Түркиянын Стамбул шаарында жарык дүйнөгө келген. Мектепте окуп жүргөндө музыкага болгон кызыгуусу башталып, вокалга эмес, музыкалык аспаптарда ойноого көбүрөөк ыктап, өзгөчө гитарага жакын болгон. Бала чагында ырчы болууну самаган Мустафаны ата-энеси анын келечекте ишкер болуусун кыялданышкан. Сандал Швейцариянын Женева шаарындагы колледжди аяктап, мекенине кайтып келген. Көп өтпөй түркиялык белгилүү ырчыларга обон чыгарып иштей баштаган.
Ырчы катары өзүнүн алгачкы ыр жыйнагын 1994-жылы "Suç Bende" деген аталышта чыгарган. Жыйнактын 1,7 миллион нускасы сатылып, ошол жылдагы эң көп сатылган жыйнак аталган. 1995-жылдан тарта ал ырчыларга продюсерлик кылуу менен алектене баштаган. 1996-жылы Лондон шаарына барып, "Gölgede Aynı" аттуу экинчи ыр жыйнагын чыгарып, ал 2,6 миллион нускада сатылып кеткен. 1998-жылы анын "Detay" жыйнагы жарык көрүп, ырчы Европада да калың элге тааныла баштаган. Сандалдын "Pazara Kadar", "Aya Benzer", "Araba", "İsyankar", "Karizma" жана жубайы Эмине Сандал менен аткарган "Çek gönder" ырлары дүйнө жүзүндөгү угармандардын калың тобунун сүймөнчүгүнө татыган.
М.Сандал 2000-жылы "Araba", "Akışına Bırak", 2002-жылы "Kop", 2003-жылы "Seven", 2004-жылы "İste", 2007-жылы "Devamı Var", 2009-жылы "Karizma", 2012-жылы "Organik", 2015-жылы "Ben Olsaydım", 2016-жылы "Hepsi aşktan" аттуу ыр жыйнактарын чыгарган. 2008-жылы январь айында сербиялык ырчы Эмине Яхович менен баш кошкон. Ошол жылдын 8-августунда экөөнүн ортосунда Яман, 2012-жылдын 21-февралында Явуз аттуу уулдары төрөлгөн.
11-январга карата жылнаама.