ЖЫЛНААМА, 11-ЯНВАРЬ: 108 жыл мурун Нью-Йоркто дүйнөдөгү кыздардын алгачкы автожарышы болгон

Мындан 108 жыл мурун, 1909-жылы 11-январда АКШнын Нью-Йорк шаарында аялзатынын дүйнөдөгү эң биринчи автожарышы старт алган. Жарышта катышуучулар Нью-Йорктон чыгып, Филадельфияга сапар тартышкан. Баш байгеге жетүү үчүн аялдар Филадельфиядан кайра Нью-Йоркко биринчи болуп келүүсү керек болгон.

Бул окуяга чейин деле аялдар автожарыштарга катышып жүрүшкөн. Алсак, 1901-жылы эркектер дагы катышкан Париж менен Берлиндин ортосунда жарышка Камилла дю Гас деген спортчу катышып, 32-орунду багындырган. Ал эми 1920-жылдары автожарыштарда Элишка Юнкова аттуу айым 4 жылдын ичинде 56 кубокту жеңип алган. 1960-жылдары Патриция Мосс бул спортто өзүн көрсөтө алган.

11-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tunerbei1812
2017-01-12 11:13:57
Ушу автожарыш дегенинер ото эле опурталдуу да. Эч кимге сунуштабайт элем. Акыл эси токтоло элек жаштарга эле ылайык келбесе.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан