2000-жылдары белгилүү ырчы Айжамал Кабылованын "Жан, жан" деген ыры абдан хит болуп, тынбай радио, телекөрсөтүүлөрдөн жаңырып турган. Ырчы жогоруда аталган ырга клип тартуу учурун жылмаюу менен эскерип, SUPER.KG`ге баяндап берди.
"Жан, жан" ырынын клиби тууралуу күйөрмандар "баягы поезд жолдо спорттук кийимчен ырдаганыңарчы" деп айтышат уяткарып. Ал учурда ошондой кийинген мода болчу, анан биз да модадан калган эмеспиз (күлүп). Клип 2000-жылы Бишкек шаарындагы темир жолдон тартылган. Ал учурда азыркыдай атайын клип тартуу деген жок болчу. Чынында, клип деп айта албайм, жөн гана атайын кадрларды алып, ошондон клип сындуу кылып тартылган. Эми азыр техника өнүктү, баары өзгөрдү.
Анда "Кыз-Бурак" тобунун курамындагы кыздар тартылган. Жакшылап караса, кээ бир кыздардын ыйлайын деп турганын байкоого болот. Себеби режиссёрлор "күлүп тургула, анткиле, минткиле" деп кээде катуураак айтып коюшса, үйүн сагынып турган кыздар көздөрүнө жаш алышкан", - деп билдирди
А.Кабылова.
Айжамал Кабылованын "Жан, жан" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.