Бүгүн, 13-январда "Кинозал" бөлүмү Рустам Аташовдун көпчүлүк колдонуучулар күткөн "Эркектер-3" жаңы, эксклюзивдүү тасмасы менен толукталды. Режиссёр жогоруда аталган тасма мурунку "Эркектер-1, 2" тасмасына караганда олуттуу ойлор, кылдат айтылган тамашалар менен коштолуп, үй-бүлө баарынан баалуу экенин көрсөтөрүн айтат.
"Тасма үй-бүлө тууралуу комедия болгондуктан, негизги идея, максаты - үй-бүлөнү сактап калуу. Түгөйлөр бири-бирине түшүнүктүү мамиле жасаса, аялзаты эркектин табиятын туура түшүнсө, эркектер да өзүнүн жоопкерчилигин билип, үй-бүлөнү сактап калууга умтулса деген ой айтылат. Көп нерсе аялдан көз каранды эмеспи. Алсак, ал - үйдүн куту, "аял жакшы - эр жакшы" дегендей, тасмада аялдын коомдогу орду такталып берилет.
Тасманын өзгөчөлүгү - бул ирет анда көп каармандар ойношот, тагыраагы, 6 башкы каармандын окуялары, тагдырлары баяндалат. Ошондой эле бул тасма жеңил-желпи эмес, турмуштан алынган, олуттуу ойлор, кылдат айтылган тамашалар менен коштолот", - деп сөзүн жыйынтыктады
Р.Аташов.
"Эркектер-3" тасмасын бул жерден көрүңүз.