АФКнын "Азия чемпиондугу-2014" тандап алуу оюндары Кыргызстанда өтүп калышы мүмкүн

Бүгүн, 26-апрелде Азия футбол конфедерациясынын 16 жаштагы футболчулар арасында "Азия чемпиондугу-2014" мелдешинин чакырык кубогуна тандап алуу оюндарынын кайсы өлкөдө өтүшүн аныктай турган чучукулак кармалат. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы билдирди. Айта кетсек, АФКнын курамына 44 өлкө кирет, алар батыш жана чыгыш болуп 2ге бөлүнөт. Батыш тарабына кирген КРнын Футбол федерациясы "аталган иш чара Кыргызстанда өткөрүлсүн" деген билдирүү катын жөнөткөн. Эгерде билдирүү кабыл алынып, чучукулак биздин өлкөгө туш келсе, анда мелдешке катышуу үчүн 25 өлкөнүн футбол командалары Кыргызстанга келет.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан