Кечээ, 11-январда Жогорку Сотто маркум Ташкенбай Мойдуновдун туугандарына компенсация төлөп берүү жөнүндөгү Бишкек шаардык сотунун чечими боюнча доо арыз каралып, анда шаардык соттун чечими күчүндө калган. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги Ташкенбай Мойдуновдун туугандарына компенсация катары 200 миң сом төлөп бериши керек.
Айта кетсек, 2004-жылдын 24-октябрында Базар-Коргон РИИБинин кызматкерлери көчөдө аялы менен урушуп жаткан Ташкенбай Мойдуновду кармашып, убактылуу кармоочу жайга киргизишкен. Бир канча убакыттан кийин анын каза болуп калганы белгилүү болгон. Башында милиция кызматкерлери жүрөгү кармап каза болду дешсе, кийин асынып алды дешкен. Бул боюнча аталган РИИБдин эки кызматкери "шалаакылык" боюнча соттолуп, бири маркумдун үй-бүлөсүнө 30 миң сом төлөп берген. Ал эми экинчиси өлкөдөн чыгып кеткен.
Окуяга тиешеси барлардын толук жазасын албай калганын айтышкан жактоочулар БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылышкан. Ал эми аталган комитет 2011-жылы Кыргыз өлкөсү кыйноолорго каршы күрөшүү боюнча эл аралык келишимдерди бузганын белгилеп, маркумдун туугандарына компенсация төлөп берүү чечимин чыгарган. Мындан улам жактоочулар маркумдун эжесине 100 миң евро компенсация төлөө боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна кайрылышкан. 2015-жылы судья Аксамбаев Мойдуновдун эжесине 500 миң сом компенсация төлөп берүү чечимин чыгарган. Бул чечимге Каржы министрлигинин өкүлдөрү макул болушкан эмес. Кийин ишти Бишкек шаардык соту карап, Каржы министрлигин маркумдун жакындарына 500 миң сом эмес, 200 миң сом төлөөгө милдеттендирген. Буга да макул болбогон экинчи тарап Жогорку Сотко кайрылган.