Жалал-Абад шаарында таксистти коркутуп, унаасын тартып алган жаран кармалды

Жалал-Абад шаарында таксистти коркутуп, унаасын тартып алган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя бүгүн эртең менен саат 05:30 чамасында болгон. Анда 1998-жылы туулган Р.Н. аттуу тургундун башкаруусундагы унааны белгисиз адам тосуп, белгиленген жерге жеткирип коюшун өтүнгөн. Кийин ал айдоочуну коркутуп, Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаасын тартып алып, из жашырып кеткен. Бул боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган А. уулу Б. кармалган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, анын үстүнөн "автоунааны укукка жат түрдө ээлеп алуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tunerbei1812
2017-01-12 12:11:48
Бору заман деген ушул да.
-1
Asem89
2017-01-12 12:21:32
Өлтүрүп койбогонуна чоооң рахмат, ушунусуна шүгүр (...деп кайра жалынып калат экенбиз да кылмышкерге) Эх...
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан