Мушкер Мэнни Пакьяо жазында профессионалдык рингдеги 68-беттешин өткөрөт

Филиппиндик мушкер Мэнни Пакьяо 22-апрелде профессионалдык рингдеги 68-беттешин өткөрөт. Анын атаандашы австралиялык Жефф Хорн болмокчу.

Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, беттеш Австралияда 50 миң күйөрманды батырган "Suncorp Stadium" стадионунда орун алат.

37 жаштагы Пакьяо учурда Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясынын (WBO) чемпиондук курунун ээси. Ал буга чейин өткөргөн 67 беттешинин 59унда жеңишке жетишип, 6 ирет жеңилүү ызасын тарткан. 2 беттеш тең чыгуу менен аяктаган.

Ал эми 28 жаштагы Хорн 17 беттеш өткөрүп, 16 ирет жеңишке жетишкен. 1 беттеште жеңүүчү аныкталган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tunerbei1812
2017-01-12 12:09:41
Кутобуз, чыдамсыздык менен. Керемет оюн корсотот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан