Мындан 7 жыл мурун, 2010-жылы 12-январда Гаитиде күчү 7 баллга жеткен зилзала болгон. Анын очогу Гаитинин борбору Порт-о-Пренс шаарынан 22 чакырым түштүк-батышта жайгашкан. 7 баллдык силкинүүдөн кийин 5 баллдан ашкан 15 жер силкинүү катталган.
2010-жылдын 18-мартына карата алынган расмий маалыматтарга караганда, кырсыктан каза болгондордун саны 222 570 кишиге жеткен. 311 миң адам жаракат алып, 869у дайынсыз жоголгон. Ал эми материалдык зыян 5,6 миллиард еврого бааланган. Дүйнө жүзүндөгү бир катар өлкөлөр мамлекетти кайрадан калыбына келтирүүгө жана андагы адамдарга жардам колун сунган.
12-январга карата жылнаама.