Бишкекте лотерея ойнотуучу жайды карактап, 126 миң сом акча алып кеткен жарандар кармалышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 2016-жылдын 27-декабрында Тоголок Молдо жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Анда бет капчан адамдар ал жерде иштеген кызматкерлерге күч колдонуу менен 126 миң сомду алып кетишкен. Бул окуяга байланыштуу Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү тарабынан 168-берененин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Ыкчам иликтөөнүн негизинде 23 жаштагы эки бала колго түшүрүлдү. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.