Америкалык мушкер Флойд Мейвезер UFC`нин чемпиону Конор Макгрегорго беттешүү сунушун киргизди. Мушкер бул беттеш үчүн Конорго 15 миллион доллар берүүгө даяр. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады.
"Биз беттешти уюштуруп, Макгрегорго 15 миллион доллар берүүгө макулбуз. Ал UFC мелдешинин алкагында 1 беттеш үчүн керек болсо 2 миллион доллар гонорар ала алган эмес. Анын рингде мени менен кездешүүгө канчалык кызыкдар экенин эми байкайбыз", - деди мушкер.
Кошумчалай кетсек, Макгрегор өткөн жылы боксчу катары рингге чыгууга уруксат алып, Мейвезерге каршы туруу планы бар экенин айткан. Бул беттештен ал кем дегенде 100 миллион доллар гонорар алууну максат кылууда.