Ошто XX кылымдагы кыргыз элинин залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров эскерилди

Бүгүн, 12-январь - залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карата эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, ырчынын жакындары, маданият кызматкерлери, жазуучулар, жогорку окуу жайлардын жамааттары, акындар жана шаар тургундары катышты.

"Рыспай Абдыкадыровдун наамын алып жүргөн Ош облустук филармониясында митинг-реквием өтүп, анын эстелигине гүлчамбарлар коюлду. Митинг-реквиемге 100дөн ашуун адам катышып, Рыспай Абдыкадыров кыргызга бир келчү өчпөс талант экенин баса белгилешти. Иш-чаранын жүрүшүндө филармониянын ырчылары улуу таланттын кайрыктарын келгендерге сунушташты", - деп билдиришти мэриядан.

Белгилей кетсек, кыргыз элинин музыка дүйнөсүнө өзүнүн күчтүү обондору, ырлары менен белгилүү болгон улуу талант Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы жарык дүйнөгө келип, 1994-жылы каза болгон. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, обончу 200дөн ашуун чыгармаларын өзүнөн кийинки муунга калтырып кеткен. Рыспай Абдыкадыровдун көзү тирүү болгондо, 76 жашка чыкмак.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан