Бишкекте ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүргөн жаран кармалды

Бишкекте ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкекте милиция кызматкерлери тарабынан 22 жаштагы Ош облусунун тургуну кармалган. Анын чөнтөгүнөн мыйзамсыз көтөрүп жүргөн пневматикалык тапанча табылган. Ошондой эле Кочкор районунда 85 жаштагы тургундун үйү текшерүүгө алынып, мыйзамсыз сакталган ИЖ-18 үлгүсүндөгү курал алынган. Учурда бул фактылар боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Айта кетсек, ок атуучу курал жарактарды, жарылуучу заттарды мыйзамсыз алып жүргөндөр кылмыш жоопкерчилигине тартылышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан