Мындан 11 жыл мурун, 2006-жылы 12-январда Сауд Арабиясында ажыга барган адамдар шайтанга таш ыргытуу жөрөлгөсүн кылып жатканда тыгын жаралган. Анын кесепетинен 362 зыяратчы каза болуп, 300дөн ашык адам ар кандай жаракаттарды алган.
Аталган окуя Меккеден 25 чакырым алыс жерде жайгашкан Мина өрөөнүндө, Жамарат көпүрөсүнүн аймагында болгон. Көз жумгандардын арасында Египет, Йемен, Индия, Түркия, Бириккен Араб Эмираттарынын жарандары болгон.
12-январга карата жылнаама.