МЕДИА-ПОРТАЛ: "Эгиз балдар Камчы Сарыбаев менен ойноп отуруп клипке тартылып жатышканын билбей калышкан" дейт ырчы Назира Токонова

"Медиа-портал" бөлүмүндөгү ырчылар Назира Токонова менен Чыңгыз Турдубековдун "Мезгил учат" клибинде сүйүү, бактылуу үй-бүлө, жашоо чагылдырылат. Назира Токонова клипти тартуу кызыктуу болгонун айтып, идеясы, тартуу процессиндеги күлкүлүү окуя жөнүндө буларга токтолду:

"Клип 2013-жылы Чыңгыздын жакын туугандарынын үйүндө, анын таенесинин катышуусунда тартылган. Ал киши соңунда бизге батасын берип узаткан эле. Ал эми эгиз балдар тааныштардын балдары болчу. Тартуу процесси кызыктуу болгондуктан, кандай бүткөнүн да байкабай калганбыз.

Кызыгы, эгиз балдар Камчы Сарыбаев менен ойноп отурушуп, клипке тартылып жатышканын билбей калышкан. Ал киши аябай образга кирип, берилүү менен ойнойт эмеспи. Балдарга "силер менин оозума тамак-аш, таттууларды салып тургула" деп айтат да. Анан балдар кечке оозуна тамак салып турушкан. Эң аягында балдардын бирөөсү эмне кыларын билбей этти вареньеге салып берсе, Камчы байке уялганынан унчукпай жеп койгон. Акырында байке "бүттүбү баары, эки бала менин фигурамды бузуп салды" деп күлгөн эле".

Назира Токонова менен Чыңгыз Турдубековдун "Мезгил учат" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
akil.91
2017-01-12 19:56:23
Тажикистан жонундогу маалыматта Дуйшомбу шаары дептирсинер. Душанбе бойдон кала бергени жакшы эмеспи?
+5
yrysbek
2017-01-13 10:15:30
akil.91 Таджикстандын борбору Дүйшөмбү шаары деп аталат негизи, ар ким аркандай тилде толук айтып жеткире албай атып Душанбе деп айтылып жазылып калган, шаардын туура ысымы Дүйшөмбү деп аталат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан