Санкт-Петербургда белгисиз адамдар тарабынан бычактан жаракат алган Кыргыз жаранынын абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда орусиялык Life.ru маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, окуя 12-январга караган түнү Санкт-Петербург шаарынын Энергетиктер көчөсүндө болгон. Анда белгисиз адамдар 32 жаштагы Кыргыз жаранын бычактап, бетин тилип кетишкен. Ага операция жасалып, учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Азырынча жабырлануучунун абалы оор бойдон калууда.