Белгилүү англиялык актёр Орландо Жонатан Бланчард Блум 40 жашка толду. Ал 1977-жылы 13-январда Англиянын Кентербери шаарында туулган. 4 жашка чыкканда атасы каза болуп, эжеси Саманта менен Орландону тарбиялоо түйшүгү жалгыз апасында калган. 16 жашка чыкканда өз шаарын таштап, актёрлук билим алуу үчүн Лондонго келген.
Блум тасма талаасындагы алгачкы ролун "Кырсык" сериалында жараткан. Ал эми 2002-жылы режиссёр Питер Жексондун "Шакектер шаасы" үчилтигинде Леголастын ролун ойноо үчүн кастингге катышып, өтүп кетет. Ошентип, актёр Кентербериден бир жарым жылга Жаңы Зеландияга көчүп келет. Анткени дал ушул аймактын чытырман токойлорунда аталган тасманы тартуу иштери жүргөн. Фильм сатыкка чыккандан тартып Блум чыныгы жылдызга айланган. Мындан улам батыш журналисттери актёрду Блум-бум деп атап алышкан. Эльф Леголастын ролу үчүн "Империя" сыйлыгынын "Кино тармагындагы эң мыкты дебют" наамына ээ болгон. Талыкпаган эмгеги жемишин берип, атактуу режиссёрлордон дагы да сунуштар түшө баштаган. Андан соң "Кариб деңизинин каракчылары" фильминде Уилл Тёрнердин, "Троя" тарыхый драмасында Паристин образдарын келиштире ойноп, кинематографиянын сырларын акырындан ача баштаган.
Орландо Блум мындан тышкары "Элизабеттаун", "Шаарлар", "Нью-Йорк, мен сени сүйөм!", "Ромео жана Жульетта", "Зулу", "Отту издеп", "Хоббит: 5 аскердин кагылышы" жана башка фильмдерде мыкты ролдорду жараткан.
Актёр Кейт Босуорт, Кирстен Данст, Ума Турман, Сиенна Миллер, Пенелопа Крус, Наоми Харрис, Жессика Биль, Женнифер Энистон өңдүү актрисалар менен сүйүү мамилелерин курган. 2010-жылы австралиялык супермодель Миранда Керр менен баш кошуп, бир жылдан соң Флинн аттуу уулдуу болушкан. 2013-жылы Миранданын актёрдун көзүнө чөп салышынан улам эки жылдыз ажырашып кетишкен. 2016-жылдан баштап Орландо Блум ырчы Кэти Пэрри менен сүйлөшө баштаган.
13-январга карата жылнаама.