"Ералаш" киножурналындагы, "Акмактар", "Карагайлар" тасмаларындагы жана "Кадеттер" сериалындагы ролдору аркылуу белгилүү болгон орусиялык актёр Александр Головин 28 жашка толду. Ал 1989-жылы 13-январда Чехиянын Брно шаарында төрөлгөн.
Атасы аскер учкучу болгондуктан, жумушу боюнча Орусиядан ушул өлкөгө которулуп иштеп жүргөн. Атактуу актёр болуу Александрдын бала чагындагы кыялы болгон. Белгилүү "Ералаш" киножурналында жөнөкөй бала Санёктун образын жараткан актёр бул тасмага "Ералаштын" дагы бир каарманы Аня Цуканованын жардамы менен келип, актёрлук кесипке алгачкы кадамын таштаган. Ал кезде Александр 9 жашта болсо да, режиссёрлордун купулуна толгон роль жарата алган. Бул тасмалар атактуулукка жетелеген жол болуп, аты эл оозуна алына баштайт. Ал эми 10 жашында "Бети кубарган калпычы" фильмине тартылган. Ошондой эле "Акмактар", "Кадеттер", "Көлчүктөрдүн бийи" фильмдеринде баш каармандардын ролун аткарган. Андан тышкары А.Головин "Норд-Ост" мюзиклинде дагы ойногон. "12 ай", "Ийгиликтин мырзалары", "ЧБ", "Гражданин Никто" тасмаларында роль жаратып, "Соломон падышанын мөөрү" мультфильминде үн коштогон.
13-январга карата жылнаама.