Бүгүн, 13-январда Бишкекте Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жыл жыйынтыгын чыгарып, 2016-жылдын мыкты спортчуларын жана машыктыруучуларын сыйлады. Анда спорттун олимпиадалык түрлөрү, олимпиадалык эмес жана улуттук спорт түрлөрү боюнча сыйлыктар тапшырылды.
Сыйлыктарды агенттиктин директору Канат Аманкулов (сүрөттө), директордун орун басарлары Канат Арпачиев жана Мирлан Парханов тапшырышты.
СПОРТТУН ОЛИМПИАДАЛЫК ТҮРЛӨРҮ
Айсулуу Тыныбекова, эркин күрөш
Спортчу 2016-жылы Азия чемпиондугун утуп, "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына ишенимдүү аттанган. Олимпиадада ал коло медаль үчүн кармашта Индиянын спортчусу Малик Сакшиге утулуп (5:8), 5-орунду ээлеп калды.
Арсен Эралиев, грек-рим күрөшү
"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында 59 килограмм салмакта килемге чыккан спортчу 3 беттеш өткөрүп, экөөндө утулуп калды. Ал алгач учурдагы Дүйнө чемпиону - кубалык Исмаэль Борреро Молинага утулган. Атаандашынын финалга чыкканы Арсенге коло медаль үчүн күрөшүү укугун берген. Коло медалга карай кармашта спортчубуз кытайлык Ванг Люминди утту (4:2 эсеби катталды). Коло медаль үчүн беттеште ал өзбек спортчусу Эльмурат Тасмурадовго утулуп калды (13: 8 эсебинде). Натыйжада 5-орунду камсыздады.
Эламан Догдурбек уулу, эркин күрөш
Балбан жыл ичинде 2 коло медаль тагынды. Бирин студенттер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда тагынса, экинчисин Дүйнө чемпиондугунда тагынды.
Бул спортчулардын жеке машыктыруучулары да "Жылдын мыкты машыктыруучусу" наамдарын алышты.
Солдон оңго карай: Айбек Бекболиев (Э.Догдурбек уулунун машыктыруучусу), Нурбек Изабеков
(А.Тыныбекованын машыктыруучусу), Мейрамбек Ахметов (А.Эралиевдин машыктыруучусу).
СПОРТТУН ОЛИМПИАДАЛЫК ЭМЕС ТҮРЛӨРҮ
Шахриза Халилова, тайбокс
Спортчу кызыбыз алгач Азия чемпиону аталып, анан Дүйнө Кубогунда жеңишке жетишти. Буга катар ал WMF версиясы боюнча "Дүйнө чемпиону" аталды.
Урмат Мамбетжан уулу, самбо
Дананг шаарында (Вьетнам) өткөн кумда ойнолуучу Азия оюндарында самбочу 74 килограмм салмакта күч сынап, алтын медаль тагынган.
Халилованын машыктыруучусу Тахир Марасулов менен Урматтын машыктыруучусу Андрей Тупик спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча мыкты болуп табылышты.
УЛУТТУК СПОРТ ТҮРЛӨРҮ
Манас Ниязов, көк бөрү
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарды спортчу улуттук кураманын лидери катары өзүн көрсөтүп, бардык беттештерде улакты кармаган боюнча тай казанга жүз төмөнүнөн кулап жатты.
Аида Керимбекова, тогуз коргоол
Спортчу II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында тогуз коргоол боюнча алтын медаль тагынган.
Нурбек Кожобеков, кыргыз күрөшү
Буга чейинки жылдары эл аралык мелдештерде байге алып жүргөн спортчубуз бул жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында бардык атаандаштарын утуп, алтын медаль тагынды.
Бир канча жылдан бери жогорудагы спортчуларды тарбиялап келген машыктыруучулар "Мыкты машыктыруучу" катары сыйланышты.
Солдон оңго карай: Жаныш Ниязов (М.Ниязовдун машыктыруучусу), Керимбек Өмүралиев
(А.Керимбекованын машыктыруучусу), Ниязбек Курманкулов (Н.Кожобековдун машыктыруучусу).
СПОРТТУН ПАРАЛИМПИАДАЛЫК ТҮРЛӨРҮ
Эсен Калиев, пауэрлифтинг
Спортчу 2016-жылы Дүйнө Кубогунун ээси болду. Буга катар ал "Рио-де-Жанейро-2016" Паралимпиадасына катышып, 5-орунду ээледи. Анын машыктыруучусу Аднан Жабраилов "Мыкты машыктыруучу" болуп табылды.
СПОРТТУН СУРДЛИМПИАДАЛЫК ТҮРЛӨРҮ
Ильгиз Каналбек уулу, дзюдочу
Спортчу 2016-жылы угуусу начар спортчулар арасында өткөн Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынды. Анын жеке машыктыруучусу Айдин Кулгожоев "Мыкты машыктыруучу" болуп табылды.