Санкт-Петербургда бычакталган Кыргыз жаранынын аты-жөнү аныкталды, учурда абалы туруктуу

Санкт-Петербургда бычакталган Кыргыз жаранынын аты-жөнү аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жабыркаган С.Ч. аттуу жаран 1985-жылы Ош облусунда туулган. Учурда ал Санкт-Петербург шаарындагы ооруканада, абалы туруктуу. Ал пикир келишпестиктерден улам таанышы менен уруша кеткенин билдирген. Ошондой эле полицияга бычак менен ден соолугуна зыян келтирген адамга эч кандай доосу жок экенин жазып берген.

Айта кетсек, окуя 12-январга караган түнү Санкт-Петербург шаарынын Энергетиктер көчөсүндө болгон. Анда белгисиз адамдар Кыргыз жаранын бычактап, бетин тилип кетишкен. Мындан улам ал оор абалда ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
ATLETICO
2017-01-14 00:50:06
Болбосо карганып, арыз берип, ыйлактап жатып алмак, "Соттотом, олтуром, жок кылам" деп.
0
Patriot...kg
2017-01-14 03:07:04
ATLETICO, иий кулкумду келтирбечи!!!)) Эгер сени мууздап кетсе арыз жазмаксын!!
-2
Raymer88
2017-01-14 01:03:02
эмне болсо да кудайым шыфаа берсин батыраак айыгып кетишине тилектешбиз.
0
Seiil.94
2017-01-14 01:04:58
кайран кыргыз кор болду
0
Arslan12
2017-01-14 01:06:32
мурда кыргыз корсок суюнчу элек,азыр тескерисинче кача турган болдук. жакындале метродо турсам 5-6 кыргыз балдар айылда жургондой эле кыйкырып келишти жон турбай дагы бири бири менен курошкондо эмне дешти да билбейсин, ар бирибизге Кудайым акыл ыйман берсин
+6
rashmoll
2017-01-14 02:28:06
Орус мыйзамы боюнча доон барбы жокпу адамдын денесинен курал менен кан чыгарып зыян келтирсен жабырлануучу эмес мамлекет сурайт доону
+1
MICROP
2017-01-14 05:49:27
rashmoll, Орусунда, орус мыйзамында, кыргызды (Чурка деп) уруп ойнобойт. Бул кыз менен тиги мууздагандын ортосунда бир мандем бар, что то арызы жок болуп жатса!
-1
zarlyk2211
2017-01-14 03:29:20
Мууздап кетиптир десе башын жулуп салган окшойт деп ойлопмун. Жакшы абалы жакшы экен. Супер инфо кичине жалпагыраак тил менен жазгылачы.
+8
MICROP
2017-01-14 05:50:26
Орусиядагы кыргызым кор болдуго.
+2
DUNI
2017-01-14 07:18:24
Тууганы болушу мумкунда
+2
Saribulak
2017-01-14 09:01:13
Мууздаган адамдар кыргыз экен деп ким айтты силерге? Таанышы дейт кыргыздарды эле жамандап жатып калдынарда.
0
Totyua.71.
2017-01-14 10:34:49
мууздады деген создун озу эле кандай коркунучтуу
+1
Medina87
2017-01-14 12:35:54
Кыргызда мууздалды деп малга, жандыкка карата айтылат адамга эмес.
Бычактан жаракат алды деп жазуу керек.
Жаракат алган адам айыгып кетсин!
+4
Nazaralikarakulja
2017-01-14 13:11:17
Саяк журсон таяк жейсин деген соз бар Кыргызда тынч Аллаа деп журуш керек жакшы болуп кетсин
+1
admin_portal
2017-01-14 14:50:46
ayjan_90, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kgэлектрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
arzygulR
2017-01-15 17:33:00
Ой менда Питердемин акыркы убактары кырсыктар эле кобойуп баратат кайда журсокда аман эсен журойлучу
0
admin_portal
2017-01-16 11:20:46
ATLETICO, такталбаган маалыматты жазып, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтыруудан алыс болуӊуз.Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан