ЖЫЛНААМА, 14-ЯНВАРЬ: 28 жыл мурун Орусияда музыкалык “Любэ” тобу түзүлгөн

1989-жылы 14-январда Орусияда музыкалык “Любэ” тобу түзүлгөн. Мындай аталыш топтун лидери Николай Расторгуев туулган Подмосковьедеги Люберцы шаарынын аталышынан келип чыккан.

Дал ушул күнү белгилүү композитор жана продюсер Игорь Матвиенко түзгөн топко Расторгуев кошулуп, анын үнү менен эң алгачкы "Батька Махно", "Люберцы" аттуу ырлары жаздырылган. Бул ырлардан кийин эле топтун атактуулукка болгон жолу ачылып, көп­чү­лүктүн көңүл борборунан орун тапкан. Эки жылдык гастролдук сапарынан кийин айтылуу "Атас" альбому жарыкка чыккан. Топтун ийгиликтерине Николай Расторгуевдин салымы чоң экендигине далил катары алардын 3 жыл ичинде койгон 800 концертиндеги 3 миллиондон ашык калктын “Расторгуев, сен мыктысың!” деп колдоп турушканын айтууга болот.

Айта кетчү нерсе, 1939-жылдардагы аскердик форма үлгүсүндөгү кийимди сахна кийими катары алып жүрүшүнө Орусия эстрадасынын примадоннасы Алла Пугачёванын кеңеши түрткү болгон.

14-январдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан