Америкалык рэп ырчысы Питбуль (өз аты-жөнү - Армандо Кристиан Перес) 36 жашка толду. Ал 1981-жылы 15-январда Майами шаарында туулган. Мектепте окуган чакта эле Армандо рэпке кызыга баштайт. Өзү да рэпти жакшы окуй алган. Ар кандай жерлерде ырдап жүргөнүн байкап калган музыкант Лютер Кэмпбелл аны "Lollipop" тобуна кошулууга чакырат. Ушул убакта эле Армандо өзүнө лакап ат коюуга батынат. Лютер Кэмпбелл менен иштешип жатканда аны музыканын кранк жанрынын падышасы аталган Лил Жон байкап калат. Ал экөө "Форсаж" фильмине саундтректерди жаздырышканга үлгүрүшөт. Ал фильмде Питбулдун 4 ыры саундтрек катары колдонулган. Ал аткарып чыккан ырлардын баары сөзсүз хитке айланган. Марк Энтони менен чогуу ырдаган "Rain оver мe" ыры эң популярдуу ырлардын катарында болгон. Питбуль орто мектепти гана аяктагандыктан, билимдин маанилүүлүгүнө көңүл буруп, "Imaginate foundation" деген кайрымдуулук уюмун түзгөн. Бул уюм Латын Америкасынан келген балдарга АКШда билим алууга жардам берет.
Питбуль Лил Жон, Дон Омар, Эйкон, Энрике Иглесиас, Ашер, Женнифер Лопес, Александр Бёрк, Не-Йо, Шакира, Крис Браун, Келли Роулэнд, Марк Энтони сыяктуу атактуу ырчылар менен дуэт ырдаган.
15-январга карата жылнаама.