Футбол боюнча Испания чемпиондугунун 18-турунда "Реал" футболдук клубу конокто "Севилья" менен беттешип, 2:1 эсебинде утулуп калды. Жыйынтыгында 40 беттеште катары менен жеңилүү ызасын тартпай, жаңы рекорд жараткан мадриддиктер 3 упай жоготушту.
Алгач Криштиану Роналду 67-мүнөттө оюн эсебин ачты. 85-мүнөттө Серхио Рамос өз дарбазасына гол киргизип, эсеп 1:1ге айланды. Чечүүчү голду Стефан Йоветич 92-мүнөттө жаратты.
"Реалдын" буга чейинки жеңилүүсү 2016-жылы 6-апрелде катталган. Анда Зинедин Зидандын шакирттери Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычында германиялык "Вольфсбург" командасына жеңилишкен.
Учурда Испания лигасында "Реал" жеңилгенине карабай 1-орунду ээлеп турат (40 упай). 2-орунда "Севилья" жайгашса (39 упай), 3-орунду "Барселона" ээлеп турат (38 упай).