Учурда кандай сүрөт интернетте жаңы мемдерди жаратарын эч ким билбейт. Өткөн жумада орусиялык белгилүү ырчы Дима Билан социалдык тармактагы өздүк баракчасына сүрөтүн жүктөп, "Эс алуу - бул өзүңдү жаңыча сезүү. 70-80-жылдардагы менин январь айым!" деп мурутчан түшкөн сүрөтүн жүктөгөн.
Мындай сүрөттөн соң анын күйөрмандары ырчы кимге окшош экенин ойлонушуп, аны түрдүү каармандарга айланта башташкан. Алардын мындай ойлору интернетте ар кандай мемдердин жаралышына себепчи болгон ырчыга да жагып, күлкүлүү сүрөттөр топтомун баракчасына жүктөгөн.
Анда Дима Биландын латын америкалык революционер Эрнесто Че Геварадан баштап "Мимино" тасмасында роль жараткан Вахтанг Кикабидзеге чейин өзгөргөн образдарын көрүүгө болот.