Бишкектеги авиакырсыктан 28 жергиликтүү тургун жана 4 экипаж мүчөсү каза болду

Бишкектеги авиакырсыктан каза болгондордун саны 32ге жетти. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Маалыматка караганда, учактын ичиндеги 4 адам жана жергиликтүү тургундардан 28 адам каза болгон. Ошондой эле 8 адам ооруканага жеткирилген.

Окуя болгон жерде жүргөн кабарчыбыздын айтымында, учкучтардын бири шок абалда басып жүргөндө медицина кызматкерлери ооруканага алып кетишкен. Бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Айта кетсек, бүгүн эртең менен саат 07:30 чамасында Гонконгдон келе жаткан жүк ташуучу учак "Манас" аэропортуна жетпей Сокулук районунун Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дачи СУ) айылына кулаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
Ananai
2017-01-16 11:12:23
Кыргыздар ар жерде ушинтип кырылып тугонмой болдук жараткан сактачы баарыбызды... (((
-4
jemile
2017-01-16 11:17:20
Кыргызстанда "Аза күтүү" күнүн жарыялашын каалайм!

Саратовдо каза болгондорду кошуп..
+1
omka100514
2017-01-16 11:17:25
Кантип майын текшербей учушат, толтуруп Стамбулга жеткидей кылып анан учса болотго, самолёт машина эмесда, бир жерге токтой койуп жүгүрүп барып май алып келе калгыдай. Карагылачы эми кандай кейиштүү окуя болду, канчалаган адамдар жакындарынан айырылып калышты кан жутуп, шейиттердин жаны жаннатта болсун
0
lolo.1
2017-01-16 11:17:31
Аааайй кудай((((((мынча жамааан
0
sely
2017-01-16 11:17:49
((((((((((((((((((((((((((((((((((
0
nursultan929292
2017-01-16 11:24:34
АЛЛАХым баарысын тең өзүң жакшы көргөн пенделериңден кыл жана бейишиңден насип кыл. Калгандарына сабыр тилейбиз. Терең кайгыруу менен Россиядагы мекендештериңиздер.
0
jemile
2017-01-16 11:24:57
omka100514,
Айланайын Омкасыңбы кимсиң?
Бакка карап куят да... Гонг-Конгдон бери учуп
келип планы Кыргызстандан куйса керек да...

Айта берсең суроо көп, бирок, артка жол жок!
+1
UlukmanKalyev
2017-01-16 11:29:16
Кырсык каш кабактын ортосунда. Жакындарына көңүл айтам
0
lazygirl
2017-01-16 11:38:13
Аллахым баарынын билип билбей кетирген күнөөлөрүн кечирсин. Сурагы жеңил болсун.

Ичим туз сепкендей ачышып атат, бир эки эмес, 32 адам ((((
0
lazygirl
2017-01-16 11:40:24
Ажал дейбиз, бирок тигилер абайлашса , ушунча адам каза болмок эмес. Жок жерден каза болушту. Эмне болуп атканын деле билбей , түшүнбөй кете беришти да.((((((((
-1
happy02
2017-01-16 11:45:26
lazygirl,+++ Кыргызстанды туман каптап турганын билгенден кийин, кондурбаш кк болчу биздикилер..(((
-1
Arsenal2
2017-01-16 11:46:40
Буга кис жооп берет
-2
Arsenal2
2017-01-16 11:46:53
Ким
0
kanyshai_2011
2017-01-16 13:48:10
журогум ооруду.жаткан жери жайлуу болсун бейиштен насип кылсын кудайым.кыргыз елим тынч болсунчу.
0
Vacant
2017-01-16 15:39:27
Ии кудай ай журогум тилинип атат...Жумурай журтубузга сабыр берсин, озгочо жакындарынан айрылган жарандарыбызга. Жаткан жерлери жайлуу болсун, Аллах баарыбызга аманчылык берсин.
0
Bubu88
2017-01-16 16:06:32
Силердин эмес бут кыргыз элинин жүрөгү миң жеринен тилинип атат Кудайым сабыр берсин бул деген кырсык эч ким атайын кылган жок бул жерде чоңдордун да турктордун да күнөөсү жок болгону май жетпей калып конууга аргасыз болгон ага биздин авиада иштегендер да уруксат берген учак конууга улгурбой жерге кулаган билип билбей бирдемени жаза бербегилечи алар атайын кыргыз өлсүн деп гилтейген товары мн самолётту кулатып жинди болуптурбу кырсык айтып келбейт баарыңарга терең кайгыруу мн көңүл айтам
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан