
Америкалык белгилүү мушкер, жарым орто салмакта Дүйнөнүн абсолюттук чемпиону
Рой Жонс 48 жашка толду. Ал 1969-жылы 16-январда АКШнын Флорида штатындагы Пенсакола шаарында туулган. 1988-жылы Сеулда өткөн Олимпиада оюндарындагы күмүш медалдын ээси.
Убагында профессионал мушкер болгон атасы уулунун кичинекейинен эле бокс спортуна кызыгуусуна түрткү берет. Өзүнө чемпион болуу бактысы туш келбегендиктен, уулунун чемпион болуусуна бардык күчүн жумшайт. 32 килограммга жетпеген салмагы менен 10 жаштагы Жонс 1979-жылы салмагы 40 килограмм болгон 14 жаштагы жаш мушкерлерди жеңип алган. 1984-жылы АКШда өспүрүмдөр арасында өткөн Олимпиада оюндарында биринчиликти утуп алат. Эки жылдан кийин катары менен 2 жолу "Алтын кол кап" улуттук турниринде жеңүүчү болуп табылган.
1988-жылы Сеулда өткөн Олимпиада оюндарында финалда Рой түштүк кореялык атаандашы Парк Си Хунду жеңсе да, судьялар жеңишти Ройдун атаандашына берип коюшкан. Калыстардын бул чечими Олимпиада оюндарынын тарыхындагы эң начар чечим деп табылган. Беш судьянын үчөөсү кореялыкка жеңишти бергендиги үчүн алар рефериликтен биротоло четтетилишет. Жаңжал күчөп кеткендиктен, Эл аралык Олимпиада комитети абалды оңдоого аракет кылып, Ройго Вэл Баркердин сыйлыгын тапшырат. Бул эң мыкты делген мушкерлерге гана тапшырылуучу сыйлык болуп эсептелет.
Ройдун профессионалдык бокстогу дебюту өзү төрөлгөн Пенсакола шаарында өтөт. 1989-жылдын 6-майында
Рикки Рэндол менен орто салмак боюнча беттешип, ал Ройдун жеңиши менен аяктайт. 1992-жылы Рой орто салмак боюнча Дүйнөнүн мурунку чемпиондору
Хорке Вака жана
Арт Сервано менен рингге чыгат. Эки беттеште тең биринчи раундда эле каршылаштарын нокаутка түшүрөт. Көп өтпөй тажрыйбалуу
Жорж Кастро менен беттешип, биринчи жолу акыркы раундга чейин урушуп, утуп чыгат. Ага удаа эле буга чейин жеңилип көрбөгөн мушкер
Глен Томасты 8-раундда нокаут менен жеңип алат. Мындан кийинки нокауттары Ройду олуттуу титулдарга алып келген.

1993-жылы 22-майда ошол убактагы орто салмак боюнча Дүйнөнүн абсолюттук чемпиону, рейтингде биринчи болуп турган Бернард Хопкинс менен IBF титулу үчүн рингге чыгып, жеңишке жетишет. Өзүнүн салмагындагы эң күчтүү делген атаандашы Томас Тейтти экинчи раундда эле нокаутка учураткандан кийин башка категориядагы Дүйнө чемпиону Жеймс Тониге чыгат. 1994-жылы 18-ноябрда болгон бул беттеш Ройдун "оюнуна" айланат. "Оюну" колдорун артына алып, бетин атаандашына тосуп, бирок урганга үлгүртпөй андан мурун чагылгандай тездик менен өзүнүн соккусун узатуу эле. Тонини жеңгенден кийин экинчи орто салмактагы теңдешсиз чемпион аталат.
1996-жылдын 22-ноябрында легендарлуу Майк Маккалумду 12 раундга созулган беттеште жеңип чыгып, дагы бир салмак категориясынын чемпиондук титулун тартып алат. Мындан кийин Жонс Гриффинди, Вирджил Хиллди, Лу Дель Валени, Отис Грантты, Реджи Жонсон, Эрик Хардинг, Дэрик Хармон, Хулио Гонсалести жана башкаларды утуп алган.
2003-жылдын 1-мартында Лас-Вегас шаарында өткөн беттеште Рой өтө сүйгөн манерасына салып, кыбыр атаандашынын өзүнүн чеберчилигин көрсөткөнгө үлгүртпөй кайра-кайра чабуул коёт. Натыйжада суктандырарлык жана ишенимдүү жеңиш, супер оор салмак категориясы боюнча чемпиондук титулду да тартып алат. Рой Жонс тарыхка эң улуу мушкер (супер оор салмак боюнча эч ким туруштук бербеген) катары кирген.

2004-жылдын 15-майында өткөн матч-реваншта Рой биринчи раундда үстөмдүк кылганы менен, 2-раундда сологой мушкер
Антонио Тарвердин күчтүү соккусуна туш болуп, нокаутка учурайт. Улуу чемпион өмүрүндө биринчи жолу жеңилүү, нокаут эмне экенин эми өз башынан өткөргөн.
2015-жылы 12-декабрда Энцо Маккаринелли менен Орусиянын атынан беттешип, жеңилип калган. 2016-жылы 10-февралда мушкер спорттук карьерасын жыйынтыктаган. Жалпысынан мушкер профессионалдык боксто 73 беттеш өткөрүп, анын 64үндө (46 нокаут менен) жеңишке жетишкен. 9 ирет жеңилүүгө учураган.
Рэпер жана актёр катары дагы таанымал
Жонс – профессионалдуу рэпер жана өзүнө өзү продюсер. Алгач өзү үчүн 1998-жылы уюштурган көз карандысыз үн жаздыруучу "Body Head Entertaiment" компаниясы бүгүнкү күндө кеңейген. Мындан сырткары Рой киного да тартылган. Мисалы, "Азезилдин адвокаты", "Матрица-2". Ошондой эле бокс боюнча беттештерди телекомментатор болуп алып барчу. Өзү туулган Пенсакола шаарында жашап, Рой ферма да кармаган. Питбуль породасындагы иттерди, асыл тукум жылкыларды, урушчаак короздорду багуу – хоббиси. Жыл сайын май айында гольф боюнча балдардын турнирин өткөрүп турат.
2015-жылдын август айында Р.Жонс Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугуп, Орусиянын жарандыгын алууга жардам беришин өтүнгөн. Ошол жылдын сентябрь айында президенттин буйругунун негизинде мушкер Орусиянын жарандыгына ээ болгон.
16-январга карата жылнаама.