Кырсыктан жабыркаган жарандын иниси: "Үй тыптыйпыл болуп калыптыр. Туугандарым кантип аман калганына таңмын"

Учурда кырсыктан жабыр тартып, жаракат алгандар Бишкек шаарындагы 2 ооруканага жана Сокулук райондук ооруканасына жеткирилип, медициналык жардам алышууда. Бишкек шаарындагы №3- Медициналык тез жардам клиникалык балдар ооруканасына аман калган эжесин балдары менен алып келген Улан Кубатов буларды билдирди:

"Мен өзүм деле ошол Курулуш башкармалыгынын дачасында жашайм, бирок кырсык болгон жерден бир топ эле алыс. Эртең менен уктап жатсам эжем чалып, "Үстүбүзгө учак кулады, араңдан зорго аман калдык. Келип бизди ооруканага алып бар" деди. Шашып барып, нес болуп калдым. Эжемдер жашаган үйдүн пайдубалы эле калыптыр. Дубалдары, ичиндеги эмерек дегенден эч нерсе жок. Обочороок жактан эжемди үй-бүлөсү менен жолуктурдум. Кошуналары жардам берип, урандылардын арасынан алып чыгып коюшуптур. Бактыга жараша, эжем Бактыгүл Кубатова, жездем Орозбек Абдрашитов, 9 жаштагы Аяна Иманканова жана 1 жаш 8 айлык Тынай Иманканов төртөө тең аман-эсен экен. Кантип ушундай тыптыйпыл болгон үйдө аман калганына таң калып жатам.

Кырсык болгон жерге барганда эле аэропортко телефон чалып кабарладым. Анан "Тез жардам" кызматы менен жездемди ооруканага алып келдик. Ошол жердегилер "эжең шок абалда эч нерсе сезбей жатышы мүмкүн, Балдар ооруканасына алып жөнөө керек" дешти. Ошентип, балдары менен бул жакка келдик. Кудайга шүгүр, азыр эжемди балдары менен палатага киргизип кетишти, абалдары жакшы. Жездем болсо №4-Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий борборунда".

Эскерте кетсек, бүгүн таңга маал Курулуш башкармалыгынын дачасындагы үйлөрдүн үстүнө Боинг 747-400 жүк ташуучу учагы кулаган. Гонконг-Стамбул багытында бараткан учак Бишкекке май куюу үчүн конууну көздөгөнү айтылды. Бишкектен май куюп алып, андан ары Түркияга учмак. Акыркы маалыматтар боюнча кырсыктан каза болгондордун саны 35, ошондой эле жаракат алгандар да көп. Кырсык болгон жерде тиешелүү органдар иш алып барып, өрт өчүрүү, адамдарды издөө иштери уланууда.

Бишкекте калктуу аймакка учак кулап түштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
gordaya
2017-01-16 13:34:37
кырк жылы согуш болсо да, ажалсыз чымын олбогон деген ушул да, багына аман калышыптыр, омуру узун болсун!
+17
A3A
2017-01-16 14:40:49
Танмын деп ээсинди оодуpбай шугуp дечи
-2
saipidin
2017-01-16 15:01:09
A3A,ушул жерде да ката издеп ХХХ?
+3
admin_portal
2017-01-16 15:09:36
saipidin, этика нормаларын сактаңыз!
-3
ainura220888
2017-01-16 13:35:26
Мына Алланын кудурети ажалын жетбесе асман узулуп жерге тушсода аман каласын.
+21
Favourit
2017-01-16 13:36:57
Ажалы жетпесе ушул экенда. Омурлору узуун болсун.
+15
Babi.
2017-01-16 13:42:47
Омурлору узун болсун,сакайып кетишсин..
+14
nurzada78
2017-01-16 13:56:20
Тан калбай кайра суйунсун,аман калгандарына!Ажал жетсе эч себеби жок деле олосун!
+11
kanyshai_2011
2017-01-16 14:19:14
омурлору узуун болсун...жакшы болуп кетишсин.
+7
Mir_84
2017-01-16 14:50:46
Мен озум аман калгандай эле кубандым. Кандай жакшы. Баары ушинтип эле аман калса ....
+8
saipidin
2017-01-16 15:25:08
элдер ушунчалык майдаланып баратат, аңдыганы жамандык ар бир сөздү чукуп, ар бир сөздөн ката издеп.
+11
maks83
2017-01-16 18:02:16
жон гана ажалы жок да
0
Bolunbo.kyrgyz
2017-01-16 18:33:49
Кайран кыргызым откондо эле 17 кызыбыздан айрылдык эми мынтип ............
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан