Бүгүн, 16-январь күнү эртең менен "Манас" аэропортунун жанындагы Курулуш башкармалыгынын дачасына кулаган Боинг 747 учагы Кытайдан Түркияга жүк ташыган “АСТ” деген фирмага таандык болгон. Гонконг-Стамбул багытында бараткан жүк ташуучу учак Бишкекке май куюу үчүн токтоп, андан ары Түркияга учмак. Тилекке каршы, конор алдында кырсыкка учурап, 30дан ашык жергиликтүү тургундун жана экипаж мүчөлөрүнүн өмүрүн алып кетти. Учурда каза болгондордун аты-жөнү такталууда. Ал эми түркиялык айрым басылмалар учактын ичиндеги экипаж мүчөлөрүнүн аты-жөндөрүн жарыялашты. Алар Ибрагим Гүржан Динаржы, Казым Өндүл, Мелих Аслан жана Ихсан Кожа болушкан. Ошондой эле маалыматта Казым Өндүл аттуу учкуч Ооганстанда иштеп, 2009-жылы АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондон сыйлык алганы айтылат.
Кырсыктын келип чыгышы боюнча атайын комиссия түзүлөрүн Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация агенттиги билдирди. Учурда Эл аралык жарандык авиация уюму, Мамлекеттер аралык авиациялык комитети жана Түркиянын авиациялык мекемесине билдирүү жөнөтүлдү.