Роналдиньо профессионалдык футболго кайтат. Бул тууралуу анын агасы Роберто де Ассиш чет элдик маалымат булактарына билдирген.
36 жаштагы футболчу учурда бразилиялык командалардын бири менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Команда тандоодо футболчу команданын Латын Америкадагы ири клубдук мелдеш - Либертадорес Кубогуна катышып жатканына көңүл бурат.
Роннинин акыркы клубу "Флуминенсе" болгон.