Мындан 30 жыл мурун, 1987-жылы 16-январда Өзбекстандын Ташкент шаарындагы "Ташкент-Түштүк" аэропортуна жакын жерге Як-40 учагы кулап түшкөн. Жыйынтыгында Ташкент-Шахрисабз каттамы менен уча турган учактагы 9 адамдын баары (4 жүргүнчү, 5 экипаж мүчөсү) курман болгон. Учактын учкандагы салмагы 14,4 тоннаны түзгөн, бул нормадан ашык көрсөткүч деп эсептелинген. Ошондой эле Як-40 Ил-76 учагы аба майданынан учкандан кийин 66 секунда өткөн соң учуп чыгып, 20 метр бийиктикке көтөрүлгөндө кулап түшкөн. Кырсык эки учактын ортосундагы учуу аралыгы аз болгондуктан келип чыккандыгы айтылган.
16-январга карата жылнаама.