Учак кырсыгынан каза болгон 31 адамдын сөөгү туугандарына берилди. Бул тууралуу 17-январда өкмөттөн кабарлашты. Дагы 7 адамдын сөөгү турат, алардын төртөөсү экипаж мүчөлөрү, үчөөсү жергиликтүү тургун. Экөөсү Нарын облусунун, бирөөсү Ош облусунун тургуну экени белгилүү болду. Акыркы маалыматтар боюнча, каза болгондордун саны 38ге жетти.
Эскерте кетсек, 16-январда таңга маал "Манас" аэропортуна жакын жерге Боинг 747 учагы кулаган. Жүк ташуучу учак үйлөрдүн үстүнө түшүп, ондогон адамдардын өмүрүн алды. Акыркы маалыматтар боюнча каза тапкандардын саны 36га жетти. Ооруканада жаткандар дагы бар. Факт боюнча Транспорттук прокуратура кылмыш ишин козгоп, УКМК менен ИИМ иликтөө жүргүзүүдө. Кырсыкты Мамлекеттер аралык авиация комитети иликтейт.
Бүгүн, 17-январь - өлкөдө аза күтүү күнү.