Мындан 22 жыл мурун, 1995-жылы 17-январда Япониянын Кобе шаарында күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер силкинүүнүн очогу Япониянын калк көп жайгашкан районунда болгондуктан, 6434 адам набыт болуп, 300 миң киши турак жайсыз калган. Табигый кырсык 102,5 миллиард доллар материалдык зыян алып келген. Жер титирөө башталгандан тартып 20 секунданын ичинде шаардагы бир катар имараттар кыйрап, газ түтүктөрү жарылып, өрт чыккан.
17-январга карата жылнаама.