Спортту изилдөө боюнча Эл аралык борбор (CIES) футболчулардын трансфердик баасын аныктап, тизме түздү. Тизмени түзүүдө изилдөөчүлөр футболчулардын майданда өткөргөн убакыттарына, киргизилген голдордун санына, учурдагы келишимге жана башка клубдардын кызыгуусуна көңүл бурушкан.
Эң кымбат футболчу болуп бразилиялык футболчу, каталондук "Барселонанын" чабуулчусу Неймар табылды. Футболчунун келишимин бузуп, башка командага алып кетүүнү каалагандар "Барселонага" 246 миллион евро төлөөгө тийиш. Кийинки орунда аргентиналык Лионель Месси (трансфердик баасы 170 миллион евро) турса, алдынкы үчтүккө франциялык Поль Погбанын ысымы кирди (155,3 миллион евро).
Ал эми мадриддик "Реалдын" португалиялык чабуулчусу Криштиану Роналдуну изилдөөчүлөр 126,5 миллион еврого баалап, 7-орунга жайгаштырышты.
Эң кымбат делген 100 футболчунун 42си Англия Премьер-лигасында ойнойт.
Тизме:
1. Неймар (Мекени: Бразилия. Клубу: "Барселона") - 246 миллион евро;
2. Лионель Месси (Аргентина, "Барселона") - 170 миллион евро;
3. Поль Погба (Франция, "Манчестер Юнайтед") - 155 миллион евро;
4. Антуан Гризманн (Франция, "Атлетико") - 150 миллион евро;
5. Луис Суарес (Уругвай, "Барселона") - 145 миллион евро;
6. Харри Кейн (Англия, "Тоттенхэм") - 139 миллион евро;
7. Криштиану Роналду (Португалия, "Реал") - 126,5 миллион евро;
8. Пауло Дибала (Аргентина, "Ювентус") - 113 миллион евро;
9. Деле Алли (Англия, "Тоттенхэм") - 110,5 миллион евро;
10. Эден Азар (Бельгия, "Челси") - 101,5 миллион евро.