Атактуу канадалык жана америкалык актёр, комедия жылдызы Жим Керри 55 жашка толду. Ал 1962-жылы 17-январда Канаданын Онтарио провинциясындагы Ньюмаркет деген жерде туулган. АКШдагы эң көп гонорар төлөнгөн комиктердин сап башында турат.
Жеке жашоосу
1987-жылы 8-мартта актёр Мелисса Уомер аттуу актрисага үйлөнүп, ошол жылдын 6-сентябрында Жейн аттуу кыздуу болгон. 1991-жылы ноябрда Жим апасынан, 1994-жылы атасынан айрылып, үй-бүлөдө уруш-талаштар көп боло баштаган. Атасынын өлүмүнөн бир жыл өткөн соң ал Мелисса менен ажырашкан. Актрисага 7 миллион доллар төлөп берип, депрессияга кабылган. Мындай абалдан чыгуу үчүн Ж.Керри антидепрессанттарды колдонуп, ал жыйынтык бербегендиктен, витамин ичип, спорт менен машыга баштаган. 1995-жылы актриса Лорен Холли менен баш кошуп, 10 айдан кийин ажырашып кеткен. Мындан тышкары актёр Рене Зеллвегер, өзүнүн дарыгери Тиффани Сильвер жана моделдер Женни Маккарти, Анин Бинг, Катриона Уайт менен сүйүү мамилелерин курган. Ж.Керринин кызы Жейн рок тобунда ырдап жүрүп, 2009-жылы кесиптешине турмушка чыгып, уулдуу болгон.
17-январга карата жылнаама.