ЖЫЛНААМА, 17-ЯНВАРЬ: Белгилүү орусиялык ырчы Митя Фомин 43 жашка толду

Белгилүү орусиялык ырчы Митя Фомин 1974-жылы 17-январда Орусиянын Новосибирск шаарында жарык дүйнөгө келген. Мектепти аяктаган соң медициналык окуу жайга тапшырган. Окуу учурунда АКШга, Англияга барып иштеп, акча табат. Дарыгерлик кесипке ээ болгондон кийин Москвадагы театралдык институттан билим алган.

Москвадан өзүнүн жердештери - композитор Павел Есенин жана продюсер Эрик Чантурияга жолугуп, алар М.Фоминге "Hi-Fi" музыкалык долбоорунун солисти болууну сунушташат. Ошентип, 1998-жылы аталган топ расмий түрдө түзүлгөн. "Hi-Fi" мыкты чыгармаларды жаратып, кыска убакыттын ичинде популярдуулукка жетишкен. Анын белгилүү чыгармаларынын арасына "Седьмой лепесток", "Глупые люди", "А мы любили", "Мы не ангелы" ырларын кошууга болот.

2009-жылдан тарта М.Фомин топтон кетип, жеке ырчы катары карьерасын жасай баштаган. "Две земли", "Вот и всё", "Всё будет хорошо", "Огни большого города", "Садовник", "Хорошая песня" жана башка бир нече хит ырларды чыгарып, популярдуулугун арттырган. Учурда ырчы бойдок.

17-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан