31-январда Азия футбол конфедерациясынын Кубогунун тандоо турунун алкагында бишкектик "Дордойдун" футболчулары түркмөнстандык "Балканга" каршы турушат. Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо өтө турган беттешке саат 14:00дө старт берилет.
Буга чейин клубдун Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо оюн өткөрөрү пландалган. Айрым себептерден улам команда өлкө чемпиондугундагы негизги атаандашы "Алайдын" стадионунда ойномой болду.
"Дордойчулар" менен түркмөнстандык команданын ортосундагы жооптук оюн 7-февралда Түркмөнстанда өтмөкчү.