Англияда анткорлонуп жыгылып, беттеш калыстарын алдоого аракет кылган футболчуларды жазалоо демилгеси көтөрүлүүдө. Демилге колдоо тапса, англиялыктар Шотландияга барып, бул жаатта тажрыйба алып келишмекчи.
Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, оюндан кийин атайын комиссия оюндарды кайталап көрүп чыгып, чечим чыгарат. Атаандаштын буту тие электе жыгылып, анткорлонгон футболчулар жаза катары 2 оюн ойноо укугунан ажыратылышат.