Кышкы Азия оюндары-2017: Өлкө намысын коргоо үчүн Японияга 33 спортчубуз аттанат

19-26-февраль аралыгында Япониянын Саппоро жана Обихиро шаарларында Кышкы Азия оюндары орун алат. 8-ирет уюштурулуп жаткан мелдеште 11 спорт түрүнөн 64 комплект медаль ойнотулат.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, 4 жылда бир өтүүчү мелдешке Кыргыз мамлекетинин атынан 33 спортчу катышмакчы. Алар хоккей, биатлон, муз үстүндө бийлөө жана лыжа тебүү спортторунан күчтөрүн сынашат.

Делегацияга спортчуларды кошкондо 39 адам кирет. Спортчулардын аталган мелдешке катышуусу үчүн мамлекеттик бюджеттен 8 миллион 737 миң сом бөлүндү.

Курам төмөнкүчө:

Хоккей боюнча улуттук курам: Эсен уулу Аман, Урмат Шейшеналиев, Канат Абылмечин уулу, Дуулат Абышев, Атай Исмаилов, Залкар Салмоорбек уулу, Адилет Жоокаев, Төлөгөн Жолдошбек уулу, Саламат Тыналиев, Таалай Сүйүнбаев, Уран Турсунбеков, Адис Качкынбеков, Адилет Кызабек уулу, Айбек Шакиров, Артём Семилетко, Олег Колодий, Владимир Ничупуренко, Даниил Шушенков, Нуржан Ибраимов, Антон Кудашев, Павел Сазонов, Элзар Болотбеков, Ринат Мустафаев.

Машыктыруучулар: Анвар Оморканов, Бакыт Иманалиев, Муратбек Жакыпов.

Биатлон жана лыжа жарыштарына катыша турган спортчулар: Кундуз Абдыкадырова, Тариэл Жаркымбаев, Нурбек Доолатов, Наталья Левданская.

Машыктыруучу: Александр Левданский.

Муз үстүндө бийлөө боюнча улуттук курам: Лаура Исмагулова, Александра Нестерова.

Машыктыруучу: Елена Швеймер.

Тоо лыжасы боюнча мелдешке катыша турган спортчулар: Максим Гордеев, Евгений Тимофеев, Ольга Палюткина, Дариха Мураталиева.

Машыктыруучу: Игорь Борисов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ulan2601
2017-01-18 13:09:01
Ийгилик
+1
Favourit
2017-01-18 13:23:53
Биздикилер олимпиадаларга катышпай эле койсода болот, бекер эле чыгым кылышып, же аны актай албаса бир нерсе утуп. "Баленчи, тукунчону женсе, анан биз 3-орунду алабыз, тукунчу, баленчиден женилсе биз 4-орунга курошобуз," деп бироого коз каранды болуп эле журушот. Андан коро кокбору, эрежесиз эр уруштар боюнча эле чыга бериш керек, канга синип калган, баарын женип келишет бул жаатта.
+1
Freedom07
2017-01-18 16:41:27
Favourit,туура айтасың
0
talant87
2017-01-18 13:46:50
хакейчилерибиз адашпасам кыргыздар окшойт ийгилик баарына
+2
mamashov-emil
2017-01-19 00:34:12
bizde shans dagy bar aziada birok baary bir kazakstan kytai koreia yaponia aldyna ech kimdi chygarbai bular duinodo kyshky sportu menen ten ata tailashat
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан