ЖЫЛНААМА, 18-ЯНВАРЬ: Актёр Бектемир Мамаюсупов 31 жашка толду

Бүгүн, 18-январда "Салам, Нью-Йорк!" тасмасынан кийин атагы чыккан актёр Бектемир Мамаюсупов 31 жашка толду. Ал 1986-жылы 18-январда Бишкек шаарында төрөлгөн. 2 жашында актёрду ата-энеси Ошто жашаган чоң ата-чоң энесинин колуна беришет. 7 жашка чейин ошол жакта чоңоюп, кайра Бишкекке ата-энесинин жанына келген. Атасы Оштун Ноокатынан, ал эми апасы Кара-Суусунан. Үй-бүлөдө 5 бир тууган: 3 эжеси жана карындашы бар.

Бишкектеги №66-мектепте 7-класска чейин окуп, андан аркы билимин Кыргыз-Түрк лицейинен уланткан. Окууну бүткөндөн кийин Исхак Раззаков атындагы Техникалык университетте 3-курска чейин окуп, ОшТУга которулат. Ал аралыкта окуудан академиялык тыныгуу алып, бир жылга Кытайга кетет. Дал ушул Кытай жергесинде анын актёрдук шыгы ойгоно баштаган.
2011-жылы АКШны көздөй жол тартып, ал жактан көп кыйынчылыктарга туш болот. Америкада жүргөндө "Салам, Нью-Йорк!" фильмине кастинг жарыяланганын угуп, кол телефонуна чакан видеосун тартып жөнөтүп жиберип, видеодобуш аркылуу өтүп кеткен. Мына ошол тасмада Баатыр аттуу жигиттин ролун мыкты жаратканы үчүн 2013-жылы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Жылдын супер актёру" деп табылган. Ошондой эле ал "Супер-Инфонун" версиясы боюнча "2011-жылдын супер тасмасы" сыйлыгынын ээси - "Бишкек, мен сени сүйөм!" фильминде дагы роль жараткан.
Актёр үй-бүлөлүү. 2015-жылдын апрель айында сүйүктүүсү Мунарага баш кошуп, 2016-жылдын 11-июнунда Бексултан аттуу уулдуу болушкан.

18-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Doni99
2017-01-18 16:48:11
Мыкты актёр.
-1
akil.91
2017-01-18 19:13:02
"Салам Нью-Йорк" 21-кылымда тартылган кыргыз кинолорунун эн мыктылары катарына кирет. Маанилуу да кызыктуу да. Бектемирге ийгилик!
-1
Gema
2017-01-19 02:35:45
Бека Бека бала чакта роликти зуулдатып кана тепчу элек го райондон)))
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан